Өлкөнүн чыгышындагы Чжэцзян провинциясындагы Тайчжоу шаарында Кытайга таандык аскер учагы фабрика имаратын сүзүп алды.
Чыгыш Кытай деңизинин флоту билдиргендей, деңиз флотуна таандык аскер учагы Тайчжоу шаарынын үстүндө машыгуу жүргүзүү үчүн учуп жүргөн. Машыгуу учурунда учак шаардагы кийим тигүүчү фабрика имаратын үстүңкү кабатын сүзүп алган. Кырсыктын артынан өрт чыккан.
Gazetevatan.com жазгандай, учак имаратты сүзгөн маалда учкуч парашют менен секирип, жанын куткарып калган. Кырсык болгон учурда фабрикада эч бир адам жок болгондуктан жоготуулар болгон жок.
Учак кырсыкка учураган Тайчжоу шаарында 6 млнго жакын адам жашайт.