Мухтар Атаналиев: Балдарыбыз улуттук баалуулуктарды үйрөнсө дейм

Автор -
600

Бир кездеги хит ырлардын аткаруучусу Мухтар Атаналиев учурда дин жолуна түшкөн. Сахнаны жыйыштырып салып көп жыл коомдун көзүнөн сыртта жүрдү. Акыркы эки жылдан бери кино тартып, саясатка пикирин билдирип жүрет. Кечээ жакында балдарга улуттyк каада-салтты үйрөтө тyрган, көчмөндөрдүн жашоосун үйрөтө тyрган этно лагерь ачты. Деги эле лагерди ачуудагы максат акча табуубу же жаш муундарга ата-бабалардын салтын үйрөттүүбү? Маегибиз ушул темада башталды.

-Мухтар мырза, кечээ көчмөндөр этно лагерин  ачыпсыздар. Башка лагерлерден эмнеси менен айырмаланат?

— Көчмөндөр этно лагери негизинен кыргыз элине кызмат кылсын деп ачылды. Балдардын салт-санаа, үрп-адат, улуттук баалуулуктар, улуттук оюндар менен таанышуусуна шарт түзүү максатында иштеп чыктык. Лагерди азырынча эч ким деле каржылабайт, өзүбүз эле аракет кылып жүрүп акыры ачылышын жасадык. Бирөөдөн бир сом чыгуу кыйын заманда Кудайдан башка эч кимден эч нерсе сурай элекпиз.

 -Негизги максатыӊыздар жаш муундарды тарбиялообу же акча табуубу?

-Азыр балдарды мекенчил, патриот кылып тарбиялоо аябай кыйын болуп калды. Ооз учунан ата-энелер «мекенчил бол балам» деп койсок эле бала мекенин сүйүп калбайт да. Тарбиядан көп нерсе көз каранды эмеспи. Лагерге келип эс алган балдарды кыргыздын баатырлары жөнүндө айтып берип, ээр токумдарды, устукан тартууну үйрөтүп аракет жасайбыз. Балдарыбыз биздин лагерден кыргыздын салт-санаасын үйрөнсө кубанабыз.

 -Дин менен айкалыштырып караганда жаш муундарга кыргыздын байыртан келе жаткан  ырымдарын да үйрөтүү туура келеби?

-Жок, мен башында айтып кеткендей ырымдарды үйрөтпөйбү. Андай түшүнүк бизде жок. Болгону улутубуздун баалуулуктарын гана тааныштырабыз. Барган коноктор эс алышат. Кыскасы зериге турган эч нерсе жок.

 -Саясатчылар этно лагердин ачылышына келгенин байкадык. Акыркы убактарда өзүнүз да саясатка келүүгө аракет көрүп жаткандайсыз…

-Саясатта бузук саясатты оӊдош үчүн 20 жылдан бери эле жүрөм.  Депутат болуп же кызматка барыш үчүн эч качан аракет кылган эмесмин. А негизинен саясатчылардын бул иште тиешеси жок. Өзүбүз эле аракет кылдык. Кыргыз болгон соӊ тааныштарды жакшылыкка чакырабы з да. Мамилебиз бар саясатчыларды чакырдык, келип жылуу сөз айтып кетишти. Балким мындан ары иштешээрбиз. Бул жолу да досторго жардам берем, буюрса.

 -Кино жаатында да аракетиӊизди байкаганбыз, ал тармакты таштап койгон жоксузбу?

-Кино дагы деле тартып жатабыз. Футбол боюнча кинобуз тартылды, андан кийин 2018-жылы Айтматов боюнча иштедик. Болгону жалпы элге чыга элек. Кино департаменти ишиӊерди уланткыла, колдоп беребиз деп суранган. Бир кирип алган соӊ, маданият талаасы адамды сормо саздай эле өзүнө соруп алат. Чыгармачылыктан кеткен жокмун, болгону концерт койбой калдым. Ырды болсо дагы деле жазам. Жети тасма тартып, баарынын сценарийин жаздым. Ырчы балдар-кыздар тексттерин жана обондорун каратып кетишет. Жан дүйнө баалуулуктары Кудайды тапкан киши үчүн өзгөрүп кетет. Аллах куранда инсандын жүрөгү мени эстөө менен гана эс алат, руху рахат алат ден айткан. Ошондуктан баары ордунда, буюрса.

Булак: «Мантыш» гезити. 11-июнь, 2019-жыл.