Курсан Асанов: Орокто абал биротоло басыла элек

Автор -

— Курсан Сатарович, бир жума мурун Сокулуктун Орок айылында чатак чыгып, ал бир нече күн кайталанды. Азыр ал жерде абал кандай болуп жатат?

Абал биротоло басылган жок. Туруктуу дегенден алысмын. Азыр деле укук коргоо кызматкерлери кѳзѳмѳлдѳп турушат. Эки тараптагы камалган балдардын баары тең чыгарылган.

— Талкаланган үйлѳр, ѳрттѳлгѳн сарай калыбына келтирилдиби?

— Жок, азырынча ал иштер токтоп турат. Эки тараптын акылмандары кеңешип, аны жѳнгѳ салышат деп ойлойм.

— Батукаевдин иши боюнча Рысалиевди 48 саатка камоо тууралуу чечим чыгып, бирок ал абалы начарлагандан ооруканага жатып калбадыбы. Азыр абалы жакшы экени айтылып жатат. Эмнеге камалбай жаткан себеби барбы?

— Биринчиден, мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Экинчиден, мен ал адамды сыйлайм. Ал кыргыз милициясына салым кошкон мыкты генералдардын бири. Ал эми Батукаевдин иши боюнча азыр мурунку ишти кайра жандандырып, тергѳѳ жүрүп жатат. Рысалиев ошол маалда иштеген адам катары суракка алынды. Сурак учурунда саламаттыгы начарлап, ооруканага жеткирилгенин силер катары эле билем. Адам ар кандай шартта ооруп калышы мүмкүн. Азыр дарыланып жатыптыр. Күнѳѳлүү же күнѳѳлүү эместигин тергѳѳ, андан кийин сот аныктайт.

 — Рысалиев кримтѳбѳлдү аба майданга чейин узатып барганы тууралуу айтылган маалыматтарды калп деп эсептейсизби?

— Мен ал боюнча комментарий бергенден алысмын. Жалпы эле Батукаев иши боюнча шектүү катары кармалып, күбѳ катары суралып жаткандар тууралуу да эч нерсе айта албайм. Баары мыйзамченемдүү, акыйкат чечилет деген ишенимдемин. Сотко чейинки ѳндүрүш жүрүп жатат. Баары тергѳѳнүн купуялуулугу үчүн сыр. Чечим кандай кабыл алынат, күтѳ туруубузга туура келет. Бир айбы, эки айбы, акыры жыйынтык чыгат. Баарына соттун чечими чекит коёт.

— Саляновага карата абакта кримчѳйрѳнүн адамдары тарабынан кысым болуп жатканын айтып жатышат. Анын ишин ИИМ тергеп жатпайбы, эмнеге №1 СИЗОго камалды?

— Аны мен чечпейм. ИИМдин алдында тергѳѳгѳ чейин кармалгандарды коргоого ала турган башкы башкармалык бар. Кармалып жаткам адамга кысым болсо, сѳзсүз чара кѳрүлѳт. Кысым, басым болуп жатса, адвокаты арыз жазса эле чечиле турган иш го.

Булак: «АЗИЯ news» гезити. №23 (310). 13-июнь, 2019-жыл.