Аба ырайы: 15-июнда жаан жаайт

Автор -
237

15-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен күндүз жана 16-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жайгашкан жайыттарда жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21;

Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22 градус болот.

Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 25…27 градус болот.