Мамлекет компаниянын 100%ын сатууну көздөп жатат.

“Альфа Телеком” ЖАКты толугу менен сатуу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 10-майга чейин аукцион жарыялаган эле. Бирок, катышуучулардын жоктугунан аукционду 15-июнга чейин узартуу чечими кабыл алынганын фонд өзү билдирди.

Мамлекет акционердик коомдун 100%ына ээлик кылат. Буга чейин өкмөт компанияны 18-19 млрд сомго баалай турганын билдирип келген.