Экс-мэр Нариман Түлеевдин маалымат жыйынында билдирүүсү боюнча, ал мыйзамдын аткарылышы үчүн акча төлөп берген. Болжол менен 61-62 миллион сом төлөгөн.

«Эл аралык сотко бергенге документтерди даярдап жатабыз. Бирок ал соттон утсам дагы берилген үйлөрүмдү кайтарып албайм. Себеби ал үйлөр мугалимдерге берилген экен», — дейт Түлеев.

Белгилей кетсек, ал 2012-жылы 21-июнда камакка алынган. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту аны Бишкектин мэри кезинде Кытайдан автобустарды сатып алууда мамлекетке 33 миллион сом зыян келтирди деп, 11 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле бала бакчалардын бирин сатып жиберген деп айыпталат.

Мурунку жуманын 7-майда эркиндикке чыккан. Учурда анын мүлкүн мамлекеттин эсебине өткөрүлүп берилет.