Ал №47 түрмөдөгүлөргө шарт түзүп берди.

«Эл катары нан бөлүшүп жашадым. Футболдук аянтча, спорт зал куруп бердим. «Авторитет» болдум. Юридикалык кеңештерди бердим, сотко документ даярдаганды үйрөттүм. Ал жерде жөн эле отуруп калгандар бар экен. Таланттуу дагы адамдар болду. Үйдөй боло турган шарт түзүп бердим. Башка зонага которулсам дагы, ал жакты оңдоп бермекмин. Бул менин милдетим. Абакты ремонттодук», — дейт ал.

Экс-мэрдин айтымында, ал саясатка кайтууну көздөгөн жок. Кийинки жылкы президенттик шайлоодо татыктуу талапкерди колдоорун билдирди.

Мурунку Бишкек башчысы 7-майда эркиндикке чыккан. Учурда анын мүлкү мамлекеттин эсебине өткөрүлүүдө.