Бакиевдин кылмыштуу бийлиги күчөп турганда Касымалиеванын  аты-жыты да жок эмес беле?

Автор -
504

Жогорку Кеӊештин спикеринин орун басары Аида Касымалиева бир кезде Бакиев бийлигине каршы чыгьш жүргөнүн билдирди. Муну уккан журналисттер жакаларын кармашты. Бакиевдин кландык, кылмыштуу бийлиги күчөп турганда Касымалиеванын  аты-жыты да жок эмес беле? Эмесе Аида Касымалиева билбесе билип алсын.

Бакиевдин режимине каршы чыккандар — «Ачык саясат», «Алиби», «Форум» сыяктуу кыргыз тилдүү гезиттер жана анда иштеген журналисттер болгон. Ооба, «Азаттык» радиосунун да салымы чоӊ, бирок Аида Касымалиева эмес! Ал кезде ал кыздын дайыны да жок болчу. Ии баса, Касымалиева ошончолук эле журналисттердин укугун коргогусу келсе, эмне себептен кесиптеши Али Токтакуновдун таламын талашып, ЖКнын трибунасынан Матраимовдорго каршы чыккан жок? !

Бир тыйыны жок депутат кылган экс-президент Алмазбек Шаршенович тууралуу да ооз ачып сөз сүйлөп койбоду ушул кезге чейин. Буга караганда өзү сын айтып жаткан Ирина Карамушкина жигитче эрдик көрсөтүп берди. Аида айым, Асель Кодурановадан вице-спикерликти тартып алганына эле маашырланбаса, башка жарытылyу иш жасай элек. Касымалиева, Акаев, Сурабалдиева булар бири-бирине коёндой окшоштор. Жаш туруп, саясий жойпулуктун жолун эрте эле өздөштүрүп алышкан.

Булак: «Ачык саясат» гезити. 21-июнь, 2019-жыл.