Каржы министрлиги апрель ичинде мамлекеттик органдарга кеткен бюджеттик чыгымдар боюнча баяндамасын жарыялады. Адатынча, чыгашанын эң көп бөлүгү кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө туура келди.

Жогорку Кеңештин депутаттары чыгымдарды кыскартууга аракеттенгени менен бийлик органдарынын арасынан парламент эң көп бюджеттик каражат короткону белгилүү. 1-апрелден 30уна чейин ЖКнын баардык кызматкерлерине баш-аягы 51 млн 376 миң сом маяна төлөндү. Башка чыгымдарын кошкондо парламентке бир айда жалпы 81 млн 947 миң сом бюджеттик каражат сарпталды.

Президенттин аппараты апрель ичинде айлык акыга 5 млн 32 миң сом сарптады. Бирок, негизги аппаратынан тышкары, президенттин архиви, резервдик фонду жана чарбалык ишмердиги боюнча өзүнчө бөлүмү бар экенин белгилей кетүү керек. Алардын бюджети өзүнчө эсептелет.

Өкмөттүн аппаратында иштегендер бир айда жалпы 8 млн 191 миң сом маяна алды. Ал эми, президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгында эмгектенгендерге 19 млн 423 миң сом айлык төлөндү.

Жогорку сотко эмгек акылар үчүн апрелде бюджеттен 49 млн 372 миң сом бөлүндү. Ал эми, башкы прокуратурага – 26 млн 295 миң сом.