Аламүдүн районуна караштуу Кош-Таш айылында мыйзамсыздык менен күрөшү максатында «Элдик штаб» түзүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Алардын айтымында, штабдын максаты Кыргызстандагы болуп жаткан мыйзамсыз аракеттер менен күрөшүү.
Аталган жай Кош-Таш айылында экс-президенттин үйүнүн жанында жайгашкан.
Ал жерде журналисттер үчүн маалымат борбору иш алып барат.