Караколдо 1,5 тонна ашлям-фу жасалат

Автор -

Каракол шаарынын 150 жылдыгына карата «Ашлям-фу Fest» иш-чарасы өтүп, анда 1,5 тонна ашлям-фу жасалат. Бул тууралуу Каракол шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чара 1-июль күнү Ч. Айтматов атындагы борбордук аянтта өтөт. Анын алкагында чакан концерттик иш-чара тартууланат.

Ошондой эле 1,5 тонна же андан көбүрөөк ашлям-фу жасалып, элге таратылат.