Жамшитов өткүрлүгүн көрсөтүп эксти өкүртөбү же эмкинин ишеничин актабай өкүнтөбү?

Автор -

Башкы прокуратура экс-президент Атамбаевди кол тийбестик макамдан ажыратуу тууралуу Жогорку Кеӊештин корутундусун карай баштады. Канча убакыт карайт, канчага созулат, канча убакытта чечим кабыл алынаары азырынча белгисиз. Чечим Башпрокуратурага 20-июнда эле келип түшкөн. Өткүрбек өткүрлүгүн көрсөтүп эксти өкүртөбү же эмкинин ишеничин актабай өкүнтөбү? Кеп ошондо. Белгилей кетсек «элитный» Жогорку Кеӊеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген.

Парламент экс-президентке карата алты жагдай, «бийликти узурпациялады, Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «АКА инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон» деп шектенүүгө негиз бар деген тыянакка келген.

Булак: «Факты.kg» №25(25). 25-июнь, 2019-жыл.