Маданият деген эмне? Маданияттын миссиясы-боорукердик, абийдүүлүккѳ үндѳѳ. Маданиятсыз адамдардын рухий дүйнѳсүн жана да бай коомду түзүү эч мүмкүн эмес! Керек болсо адамдардын, ошол адамдар жашаган бүтүндѳй бир мамлекеттин жан-дүйнѳсүнүн жакырланышына алып келет.
Маданият демекчи, ошол биз кеп кылып жаткан маданияттын бир чоң очогу болгон борборубуздагы Т. Абдымомунов атындагы Улуттук академиялык театрынын бүгүнкү күндѳгү абалы туурасында президент С. Жээнбеков ушул жылдын 7-май күнү аталган театрга барып андагы оор абалды ѳз кѳзү менен кѳрүп, «жардам берем» деген убадасын берген эле…
Азыр айталы дегенибиз башка. Качан болсо парламент трибунасынан кооз сүйлѳп, кокус маданият тууралуу кеп кылса бир караган кишиге ѳлкѳнүн патриот, мекенчил жигити катары кѳрүнгѳн, бирок ал сѳздѳрү ошол эле замат унутулуп калып жаткам Жогорку Кеңештин депутаты Иманалиевдин маданият тууралуу берген кѳптѳгѳн убадаларынын биринен бир шиңгил келтире кетүүнү эп кѳрүп турабыз.
Ал окуя, тагыраагы Каныбек Иманалиевдин айткан убадасы залкар драматург, бүт ѳмүрү театр ѳнѳрү менен терең байланышкан, Кыргызстан жазуучулар союзун кыйла жыл жетектеп келген маркум Токтоболот Абдымомуновдун 90 жашын белгилеген учурга түш келет. Ошондо ал инсандын ысмын алып жүргѳн Кыргыз драма театры торколуу 90 жылдык мааракесине даярданышып, драматургдун «Абийр кечирбейт» драмасын кайрадан сахнага алып чыгышат. Т. Абдымомуновдун 90 жылдыгы экендигин «Кемин коомунун» тың чыкмасы, Акаевдин убагындагы эрке бала, Бакиевдин бийлигинде «подпольеге» кирип кетип, анан эле 2010- жылдын 7- апрелинде «Ала-Тоо» аянтында курман болгондорду түбѳлүк жайына коюуга «кѳр башы» боло калган, ошол маалдагы «ар-намысчы», азыркы « атамекенчи» депутат Каныбек Иманалиев да келип, театрдын админстрациясына «мен ѳзүм бул иш чарага киришем. Жогорку Кеңештен токтом чыгартып агабыздын мааракесин мамлекеттик деңгээлде ѳткѳзѳбүз» деп убада берет.
Бул маараке жѳнүндѳ жердеши Акаевдин учурунда «дуулдап жүрчү», азыр Кыргыз-Славян университетинде проректор Күмѳн Исаков да жакшы билчү экен. Театрдын жамааты болсо «театр Токтоболот Абдумомуновдун ысмын алып жүрсѳ, жердештери театырга келишип, спектакль кѳрүшүп, чыгармачыл жамаатка жакшы каалоо айтып кетишээр»-дешип жыл аягына чейин күтүшѳт. Тилекке каршы Иманалиевдин айткан убадалары ошол бойдон калат. Ошентип, кеминдиктер кайран залкарды, ысмын алып жүргѳн театрды эстеринен чыгарышыптыр.
Эл ичинде «ит эле болдуң сарбагыш»- деп айтылып келген сѳз жашап келет. Бул сѳздү ар ким ар кандай окуяларга байланыштырышып жүрүшѳт. Сыягы, ѳткѳн бир мезгилдерде, Иманалиевдин жоругундай жорукту жасашкандан улам, бүтүндѳй бир түптүү элди жогорудагыдай сѳзгѳ сындарган белем…
Булак: «Айгай» гезити. 28-июнь, 2019-жыл.