• Кытайдан автобустарды алып келгени шаарга көрк кошккон эле. Бирок кызыл-тазыл автобустар өз тагдырына кара булут каптатып, 4 жыл темир тордо отурду. 7-майда Түлеев эркиндикке чыгып, бүгүн пресс-жыйын өткөрдү. Жакшы эле жүрдүм дейт. Абакта “авторитет” болдум деп айтып берди.
  • Негизи, бүгүн экс-мэр күндүн темасы болду. Ким эле, эмнеге камалды эле деп эстей албай жатсаңыз, бул жерден окуп койсоңуз болот.
  • Бирөөсү камактан чыкса, башкасы абактын азабын эми көрөт окшойт. “Элдик парламент” өкүлү Бекболот Талгарбековду жаңы эле камап кетишти. Бийликти басып алганга аракет кылыптыр.
  • Бүгүн Жогорку Кеңеште өтө “ысык” болуп жатат. Ушул мүнөттө мурунку премьер Сариевди угуп жатышат. Балыкчы-Корумду жолунун тагдыры боюнча. Парламент бейөкмөт уюмдардын өзгөчө назарында болду. Депутаттар аларды “чет элдик агент” кылып салбаса экен деп. Кылып салган жок.
  • Жогорку Кеңешти биротоло “жаап” өтөлү. Мыйзам чыгаруу органы бюджеттен айлыкты эң көп алган мекеме экен. Өкмөт, президенттин аппараты, жогорку сот, башкы прокуратура менен салыштырып көрдүк.
  • Ашыкча 18-19 млрд сомуңуз бар болсо, Megacom’ду сатып алсаңыз болот. Кайрылып калаар деп аукционду 15-июнга чейин жылдырып коюшту.
  • Бүгүн бензин кымбаттады. 1 сомго. Көп деле эмес. Бирок кымбаттады да.
  • 12-майды боордошторубуз менен жыйынтыктайлычы. Картөшкөбүздү киргизбей жатат. Илдет бар деп. Бирок, биздин тарап чыныгы себеби башкадабы деп күмөн санап жатат.
  • Балким, өздөрү айдайбыз деп жаткандыр. Жер да казып башташыптыр. Болгондо да чек арабызда. Биздин аймакка кирип алып.

Ошоо, жаңылыктар…

Баары жакшы болот, баары өз убагында!

Урматыбыз менен, Saat.kg редакциясы!