3-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тооллорго кар түшөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 22…27,
Талас жергесинде түнкүсүн 15…20, күндүз 21…26,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 21…26,
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31,
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 20…22, күндүз 24…26° жылыйт.
Белгилей кетсек, буга чейин ӨКМ кызматы 3-4-июль күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн кабарлашкан.
Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүүдө