Социалдык тармактарда Кочкор районунун орто мектебин аяктаган окуучу кыздын ката менен басылган аттестатынын сүрөтү жарыяланды. Бул тууралуу sputnik.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.
Анда орус тилинде жазылган бетинде «окончила среднюю реднюю школу» деп турат.
Билдирүү менен ЖК депутаты Элвира Сурабалдиева да Twitter баракчасынан бөлүшүп, «Кудайбердиева күздө кызматынан кетет окшойт» деп жазган.
Чувствую что минобраз Кудайбердиева покинет свое кресло осенью. А байкешка который ее крышует — враг Кыргызстана, которому наплевать на родину, его только $$ волнуют. 😡 pic.twitter.com/uK6ZGTh9ya
— Эльвира Сурабалдиева (@ElviraSur) July 3, 2019
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы Кочкор районунда берилген аттестаттардан ката кеткенин тастыктады.
[ads-quote-center cite=’дешти министрликтен.’]»Басмаканага жөнөтүлгөн акыркы вариантта мындай ката жок болчу. Негизи жыл сайын эле басмакананын катасы менен чыккан документтер болот. Муну мектептин директорлору дыкат текшериши керек эле. Аттестаттарды толтуруп жаткандар да карашы керек болчу»[/ads-quote-center]Алардын айтымында, «среднюю реднюю» деген ката 10 аттестаттан табылган. Бешөө алмаштырылды, калганын бүгүн алмаштырып берүүнү убадалашты.