Кыргызстан жарандык берүүдө чыныгы секирик жасады: беш жылда жарандыгы жок кишилер 13 миңден нөлгө чейин кыскарды. Бул тууралуу БУУнун Жаңылыктар кызматы Качкындар иштери боюнча башкармалыкка шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматтарга караганда, 4-июлда 50 киши, анын ичинде 15 бала туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана паспорт алды. БУУ алар өлкөдө жарандык ала элек акыркы адамдар болгонун билдирди.
[ads-quote-center cite=’деп айтылат билдирүүдө.’]«Советтер Союзу тарагандан кийин Борбор Азияда жүз миңдеген киши жарандык албай калган. Качкындар башкармалыгынын 2014-жылы баштаган #Ibelong кампаниясынын алкагында Кыргызстан бийлиги жарандыгы жок 13 700 кишини, анын ичинде 2000 баланы аныктаган жана тиешелүү чара көрүп баштаган. #Ibelong кампаниясы 2024-жылга карата дүйнөдө жарандыгы жоктордун маселесин толугу менен чечүүгө багытталган»[/ads-quote-center]Дүйнөдө 10 миллиондой кишинин жарандыгы жок. Алар ээн-эркин жүрө албайт, көп учурда дискриминацияга туш болушат.