Кечээ КТРКнын эфиринде кумсалардын укуктары жана кыргыз коомчулугундагы орду талкууланды. Интернет колдонуучуларынын арасында берүү чоң талкуу жаратты.

Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу баштаган биринчи тарап гейлерди чектеш керек деген позициясын билдирди. Ал эми белгилүү блогер Данияр Айтман жана башка коноктор ар бир жарандын укугу бирдей болушу керек деген оюн айтты.