Статистикалык комитети 2015-жылдагы чет элдик инвестициялардын келиши, микрокредиттик компаниялардын ишмердүүлүгү тууралуу маалымдады.

«2015-жылы түз инвестициялардын келиши КМШга кирбеген мамлкететтерден 0,3%га азайып, КМШ мамлекеттеринен келген инвестиция 2 эсеге көбөйдү», — деп билдирди Инвестициядагы реалдуу секторду башкаруудагы статистикасы бөлүмүнүн жетекчиси Виктория Бирюкова.

Комитеттин маалыматы боюнча, 2015-жылы 4 чоң микрокредиттик ишкана кичи насыя берүү менен алектенип, жалпы берилген насыялардын 44 пайызы айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана керектөө насыясына бөлүнгөн.

2015-жылы «Кумтөр» кенин эсепке албаганда, ички дүң өнүм 101 млрд сомду түзүп, өндүрүш продукциясынын көлөмү 50 млрд сом болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 26,9%га төмөндөгөнү байкалган. Керектөө баалары жана тарифтеринин деңгээли 2015-жылдын декабрь айына салыштырмалуу 1,9%га азайган.