Стокгольмдо (Швеция) жайгашкан SIPRI эл аралык институту 2015-жылы армиясын кармоого эң көп каражат короткон өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Дүйнө жүзүндө аскерий чыгымдар 2011-жылдан бери быйыл биринчи жолу көбөйгөнү белгиленет.

Баардык мамлекеттер биригип, былтыр аскерлерге 1,7 трлн доллар короткон. 2014-жылга салыштырмалуу чыгымдар 1%га өстү. Аскерий чыгымдардын өсүшү көбүнесе Азия жана Океаниянын, Чыгыш жана Борбордук Европанын, ошондой эле, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн эсебинен болду.

1. АКШ — $596 млрд

Жеральд Р учак ташыгычы
Жеральд Р учак ташыгычы

Америка Кошмо Штаттары аскерий чыгымдар боюнча биринчиликти бербей келет. 2014-жылга караганда былтыр армиясына 2,4%га азыраак каражат короткону менен дүйнөдөгү эң чоң аскерий бюджетке ээ. Жалпы дүйнөлүк аскерий чыгымдардын 36%ы АКШга туура келет

2. Кытай — $215 млрд

DongFeng 21 баллистикалык ракетсы
DongFeng 21 баллистикалык ракетсы

Кытай Эл Республикасы армиясынын бюджетин былтыр 7,4%га көбөйттү. 2 млн 300 миң аскери бар коңшу өлкөгө дүйнөлүк чыгымдардын 13% туура келет

3. Сауд Арабиясы — $87,2 млрд

Сауд армиясындагы франциялык La Fayette фрегаты
Сауд армиясындагы франциялык La Fayette фрегаты

2015-жылга чейин аскерий чыгымдар боюнча 3-орунда туруктуу Орусия келе жаткан. Бирок былтыр Сауд Арабиясы армиясынын бюджетин 5,7%га көбөйтүп, үч лидердин катарына кошулду. Дүйнөлүк аскерий чыгымдардын 5,2% ушул өлкөгө таандык

4. Орусия — $66,4 млрд

4++ муунундагы Су-35 учагы
4++ муунундагы Су-35 учагы

Орусия дагы былтыр аскерлерине чыгымдарын 7,5%га көбөйттү. Ошентсе дагы, Федерация 2015-жылы бул рейтингде 4-орунга түшүп калды. Орусияга дүйнөлүк чыгымдардын 4% туура келет