“Элдик парламент» коомдук бирикмеси эл ичинде ар кандай ойлорду жаратты. Лидери Бекболот Талгарбеков “17-майда Атамбаев кетет” деп ишеничтүү айтып, коомчулуктун көңүлүн бура алды. Андан көп өтпөй эле кечээ кыймылдын мүчөлөрү Төрөбай Колубаевду жана Марат Султанов менен бирге «бийликти күч менен басып алууга аракет кылды» деп шектелип, камакка алынды.

Талгарбеков Акаевдин бийлигинде жогорку кызматтарда иштеген. Экономика илимдеринин кандидаты. Акаевдин убагында айыл чарба министри, агрардык саясат боюнча вице-премьер-министр, Жалал-Абад облусунун губернатору, өкмөттүн аппаратынын жетекчиси болуп эмгектенген. Укук коргоочу, жарандык активист Качкын Булатовдун айтымында, колхоз-совхоздордун баарын жоюуда анын салымы чоң.

“Малды, жерди бүт баарын менчиктештирип, үлүш кылып элге тараткан. Ошол убактагы базар экономикасынын шартына тууралаган. Анын мындай кадамдарын саясат таануучу катары туура көрөм. Анткени, Кыргызстан өзү колхоз-совхозду кармай алмак эмес”, -дейт укук коргоочу.

Ал эми экс-депутат, оппозиция өкүлү Равшан Жээнбеков Талгарбеков элдик парламентти түптөгөнгө чейин мурда Атамбаевдин дарегине кээ бир учурларда сындарды айтып калчу дейт.

“Бирок аны системалуу түрдө оппозиция маанайындагы саясатчы деп айта албайм. Анда-санда өз көз карашын билдирип турчу”, — дейт ал.

“Элдик парламенттин” максаты — Акаевди Кыргызстанга алып келүүбү?

Бирикме бир канча жолу ар кандай жыйындарды өткөрүп, Атамбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, 50 миң адамдын катышуусунда митинг уюштурабыз деп айтып келген. Бирок “Таза оппозициялык кыймылынын” лидери Назарбек Нышановдун айтымында, “Элдик парламенттин” максаты – Аскар Акаевдин үй-бүлөсүн Кыргызстанга алып келүү.

“Максатты ишке ашыруу үчүн бийликти колго алуу керек болчу. Булар мыйзамдуу түрдө бийликти кантип колго алмак эле? Анан күч колдонуп алайын дешкен. Элди мынча адамды чогултуп, митинг өткөрөбүз деп үндөгөн”, — дейт Н. Нышанов.

Артында ким турат?

Бекболот Талгарбековдун айрым бир ММКларга берген маегинде аларды Орусиянын жогорку кызматында отургандар аларга моралдык жактан жардам берип келише турганын айткан эле. Алар аскер адамдары, генералдар жана федералдык коопсуздук кызматы. Мурунку кыргызстандыктар, азыр Орусиянын жарандыгын алгандар.

Булардын артында Акаев, өзү айкандай орусиялык жогорку кызматта иштегендер турганын дагы айтылып келет. Ошондой эле, айрымдар “бийликтин куурчактары” деп да аташты. Оппозиция өкүлү Адил Турдукуловдун билдирүүсүнө караганда, Акаев ички саясатка киришпейт.

“Эгерде булардын артында азыркы бийлик турса, мындай радикалдуу, ачык сын пикирлерди айтпайт болчу. Бийликтин куурчактары азыр парламентте отургандар”, -дейт А. Турдукулов.

Ал эми “Кырк чоро” бирикмесинин өкүлү Замирбек Көчөрбаевдин маалыматы боюнча, бийлик тарабынан уюштурулган болушу мүмкүн.

“2010-жылдан бери жаз келери менен байкасак, элдин алаксытуу үчүн атайын бийлик тарабынан уюштурулган ушундай көрүнүштөр болот. Себеби, ошол эле Талгарбековго, Султановго окшогондор эч качан бийликке каршы сын-пикир айтып коомго чыккан эмес”, -дейт ал.

Равшан Жээнбеков болсо Талгарбеков өзү деле алардын артында Орусиянын генералдары, федералдык коопсуздук кызматы тураарын жашырган жок экенин айтты.

“Менин оюмча, бул биздин мамлекет үчүн кандайдыр бир деңгээлде коркунучтуу. Анткени, мамлекеттин ичиндеги саясатчылар эч убакта тышкы күчтөргө таянып жасабайт. Мындай саясат өлкөнү жакшы жакка алып барбайт. Ал эми бийликтин адамдары дегенге кошула албайм. Анткени андай болсо, буларды камабайт болчу. Камакка алуу оюнчук эмес да”, — деп ой бөлүштү.

Качкын Булатов “Элдик парламенттин” артында орусиялыктар турат дегенге кошулбай турганын билдирди. “Талгарбеков өз сөзүндө Кыргызстандан мурда кеткен патриот генералдар алар менен экенин айткан”, -дейт К. Булатов.

Бирикмеде кимдер бар?

Алардын бирикмесинде 105 коомдук депутат бар. Талгарбековдун билдирүүсү боюнча, үч талап менен мүчөлүккө алышат. Биринчи элдин кызыкчылыгын ойлогондор, экинчи Евразиязиялык интеграциянын колдогондор. Батышчылдар кире албайт. Үчүнчүсү болсо коррупцияга, криминалга тиешеси жоктор.

Качан түзүлгөн?

Адил Турдукуловдун айтымында, “Элдик парламент” 2015-жылда эле пландалган.

“Бирок жакында эле жарыя кылып, ишин катуу башташты. Бирикмеге көбүнчө буга чейин ачык, радикалдуу позицияларын айтпаган инсандар кирген. Алардын азыр көтөрүп чыккан айрым маселелерин колдойм. Бирок Евразиялык биримдикти колдойбуз дегенге кошулбайм. Ал эми коррупцияга маалынгандарды жоопкерчиликке тартуу, Атамбаевдин жүргүзгөн саясаты туура эмес, ал Кыргызстанды туңгуюкка алып барып жатат деген сөздөрүнө кошулам”, -дейт Турдукулов.

Эми Талгарбековду колдоп 50 миң адамдын 5 миңи митингге чыгабы? Назарбек Нышанов алардын 50 миң адамды топтоп, митинг уюштурабыз дегени популисттик билдирүү экенин белгиледи. Замир Көчөрбаев болсо алардын бир туруп 20 миң адамдын катышуусунда митинг өткөрөбүз деп, кайра анча аз экен, 50 миң адам менен чыгабыз деген сөздөрү таң калычтуу экенин айтты.

“Алардын мүчөлөрүн УКМК камакка алды. Эми аларды колдогон 50 миң адамдын 5 миңи чыгат бекен?”, — дейт ал.