27-июлда абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39°ка чейин жогорулашы, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 27-июлдан 3-августка чейин 39-41°ка чейин жогорулашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн: 17….22… күндүз: 32… 37°C;
Талас облусунда түнкүсүн: 9….14….күндүз: 28…..33°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында түнкүсүн: 17…22….күндүз: 33……38°C;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн: 12…..17….күндүз: 21……26°C;
Нарын облусунда түнкүсүн: 8….13…..күндүз: 26….31°C;
Бишкекте абанын температурасы күндүз 34……36°C, түнкүсүн 18 … 20°C болот.