Рамазан Жалалдинов Владимир Путинге видео аркылуу кайрылып, чиновниктер социалдык төлөмдөрдү бериш үчүн акча талап кылып жатат деп билдирген.

13-майга караган түнү Шарой районундагы Кенхи айылында үйүнө бет капчан адамдар кирип, Жалалдиновдун аялы менен балдарын машинеге салып кетишкен. Үйүн болсо өрттөп салышты деп Slon.ru жазды.

Айылдын тургундарына белгисиз адамдар алардын да үйлөрүн өрттөп салабыз деп үн катпашын талап кылып кетишкен.