Акционердик коомдун 24,79% мамлекетке тиешелүү. 75,21% — 1 миң 19 кишиге. Анын 67%ына үч орусиялык жаран ээлик кылат.
2014-жылы өндүрүш 2 млн 669 миң сомду түзүп, 82 тонна продукция кайра иштетилген. 2015-жылы 112 тонна кайра иштетилип, 7 млн 702 миң сомдук продукция өндүрүлгөн. Өндүрүштүн өсүшүнө карабастан, 2005-жылдан бери ишкана киреше алып келбейт.
Заводдун өнүкпөй жатканынын себеби – буйрутмалардын жоктугу. 2012-жылы премьер энергетикалык компаниялар кабелдерди бир гана бул заводдон алып турушун буйруган эле. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин заказ тапшыргандар жокко эсе.
“2013-жылы компаниялар 89 тонна алышкан, 2014-жылы – 10 тонна, 2015-жылы – 25 тонна. Быйыл заказ такыр жок. Биз бир айда эле 100 тонна продукция өндүрө алабыз. Буйрутма табыш үчүн тендерлерге катышып жатабыз. Быйыл биринчи кварталда эле Кыргызстан сырттан 279 тонна кабель импорттоду деген маалымат уктук”, — деп заводдун аткаруучу директору Бектур Калыков айтып берди.