Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы республикалык психиатриялык ооруканадан качкан бейтап табылып, ооруканага кайтарылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.
Бейтап кечээ, 30-июль күнү кечинде табылып, дарылануудан өтүп жаткан ооруканага өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, 26-июль күнү аталган ооруканадан 20 жаштагы А.Т., качып кеткен.