Эркек эмнеге үйдөн качат? Үй-бүлөлүк бакытты сактап калгысы келгендер үчүн кеӊеш

Автор -
435

Эркектер табиятынан каалаганын кылып көргөндү жактырышат. Эгер көңүлүнө бир аз эле туура келбей калса, ал мамиледен же иштен баш тартып кетери бышык. Акыркы кездерде үй-бүлөлүк чыр-чатактын башкы себеби эркектин эрте келбегени, андан күмөндөнгөн аялынын кызганычы болуп жатканын адистер белгилешүүдө. Анда эркектердин үйүнө эрте келүүнү каалабагандарынын көйгөйү эмнеде экендигин изилдеп көрөлү.

1-себеп: Баарлашканга эч нерсе жок

Ага аялы менен баарлашуу кызыксыз, бат эригип кетет. Ошондуктан жумушунда кармала турууну максат кылып, бардык убактысын ишке арноону жактырышат же иштен кийин достору менен көңүл ачууну каалашат. Анткени ал сүйгөн, билген темасында үйүндө сүйлөшө турган адам жок. Сиз жолдошуңузга жубай гана болбостон, сырдашар досу болууга да умтулушуңуз абзел. Ал үчүн дүйнө таанымыңызды жогорулатууга аракет кылыңыз.

2-себеп: Үйдөгү иретсиздик

Жылуулук, тынчтык жана тазалык жок жерге барууну эч ким каалабайт. Муздаган үй, аялдын үйдө бар экендиги билинбеген иретсиздик негативдүү гана сезимдерди ойготот. Өз турак жайыңызга жан дилиңиз менен берилип мамиле кылыңыз. Эркек эшиктен кирип келгенде азаптан кутулуп, жыргалга келгендей өзүн ырахаттуу сезиши керек. Ага өтө маанилүү деп саналган буюмдарды көрүнө турган жерге аздектеп коюп коюңуз. Мисалы, жолдошуңуз футболду жактырса, текчеге топ же кубокту коюп коюңуз. Үйүңүздүн дизайнына улам жаңы өзгөчөлүктөрдү киргизип турууну унутпаңыз.

3-себеп: Сырткы келбет келишпейт

«Эмне кылуу керек? Аяшыңа үйлөнөрүмдө назик, чырайлуу кыз экенине карап алгам. Ал биздин ар бир жолугушуубуз үчүн дайыма жасанып, жарашыктуу кийинип келчү. Азырчы, жөн гана амёбадай. Ага арыктоого, мурдагыдай сындуу болушуна эмне тоскоолдук кылып жатканын билбейм. Бул тууралуу кеп баштасам эле чыр чыгат. Ошон үчүн үйгө баргым да келбейт» деген өңдүү сөздөрдү сиздин жолдошуңуз да айтып жүрбөсүн. Эки кызыл дипломдуу, билимдүү, үйүңүздү болгон кооздукта кармап, бирок ар убак эски көйнөгүңүз менен «боло берет» деп жүрө берсеңиз, жолдошуңуздун кызыгуусун жоготуп аласыз.

4-себеп: Кайталанма тамактар

Эркектин жүрөгү ашказанында деген кеп бар. Андыктан ар бир күнү жасаган тамагыңызды өзгөчөлөнткөнгө аракет кылыңыз. Кайталанма тамактар анын табитин гана эмес, көңүлүн дагы калтырат. Ойлоп тапкычтыгыңыз, фантазияңызды иштетип улам жаңы даамдарды тартуулап турсаңыз, «бүгүн дагы эмне жасады болду экен?» деген кызыгуу менен жумуштан үйгө шашып калуусуна шарт түзүлөт. Болбосо ар дайым өтөсүнө чыгара жасаган «фирмалуу» ашыңызды даярдайм десеңиз, жумуш убактысы бүткөнчө ашыгат.

5-себеп: Ар ким жашообузду тескейт

Кыргызда бекеринен «сөз ташыган эмес, төш ташыган келин бол» деп айтылбаса керек. Ата-эне, бир туугандарыңызга кайын журт жагыңыздагы оң, терс жаңылыктын бардыгын айта берип жашооңузга башаламандык жаратып албаңыз. Эркектер турмушуна кайын журту кийлигишип, алардын жемесин угуусуна намысы жол бербейт. Ар кандай жемеден качып жаныңызда болуу убактысын азайта баштайт.

6-себеп: Тынчтык жок

Ар дайым үйдө чыр-чатактар боло берсе, үйгө шашмак түгүл, иш убактысы аяктап бара жаткан сайын жүрөк заада болуп кайда барарын билбей кайсалайт. Жан дүйнө тынчтыгын издөөгө аракет кылып, жеңил ойлуулукка да баруусу ыктымал.

Сүйүктүӊүз үйгө шашуусу үчүн бул эрежелерди сактаңыз

1-эреже: Жакшынакай маанай менен жолдошуңузду тосуп алууну үйрөнүңүз. «Кош келипсиң», «мен сени күтүп жатам» деген сыяктуу сөздөрдү айтып бетинен өөп кучак жайыңыз.

2-эреже: Бир нерсени үмүттөнүп күтпөңүз. Фантазияларыңызды реалдуулукка жакындатып ойлонуңуз. Айлык алгандыгын билсеңиз, “балким, мага таттуу торт ала келер” деген куру кыялдар менен күтсөңүз, ал аны албай келсе маанайыңыз түшүп калат.

3-эреже: Жолдошуңуз ачка болуп турганда маанилүү маселелерди сүйлөбөңүз. Кагуу жеп же сиз күткөн жоопту ала албай каласыз.

4-эреже: Ал үчүн жакшы болот го деп кайсы бир маселелерди чечип койбоңуз. Чоң адам эмне кийип, каякка барып, ким менен сүйлөшүштү өзү билет. Маселени ал үчүн чечип коюу ортодогу чыр-чатакты көбөйтүп, ажырымды гана пайда кылат.

5-эреже: Бир нерсени кааласа, анын токтоосуз ишке ашуусун талап кылган аялдардын категориясы бар. Чарчаганына, убактысы, мүмкүнчүлүгүнө карабай бир гана талап кыла берүү сабырдуу эркектин да эсин оодарат. Алгач күйөөңүздүн кызыкчылыктары менен эсептешүү шарт.

6-эреже: Түнт мүнөз күтпөңүз. Тамашалуу сөздөрдү сүйлөп көңүлүн ачканга аракет кылыңыз. Ар дайым жаркылдап турууңуз жолдошуңуздун сизге болгон сезимин күчөтөт.

7-эреже: Эркектин үйдөн жардам берүүсү эң сонун көрүнүш, бирок “аялдын ордуна бардык оокатты кылат” дегендик эмес. Жардамын сый деп кабыл алып андан ары жумшай берүүнү токтотуңуз.

8-эреже: “Эрди-катын урушат, эртеси кайра табышат” дейт эмеспи. Чыр-чатак болуп жатканда ачууга алдырып ар-намысына тийишип, кемсинтип сүйлөбөңүз. Көңүл калуулардын аягында элдешүү татаалдайт. Сизге болгон сезими жок болгондон кийин жылуулукту башка жактан издеп, ар кандай шылтоолор менен белгисиз жактарга жоголуусу арбыйт.

9-эреже: Төшөк мамилесинде жолдошуңуздун сунушунан баш тартпаңыз.

10-эреже: Куру бекер күмөндөнүү менен “эмнеге үйгө кеч келди?” деп чөнтөгүн, телефонун, электрондук дарегин аңтарып, күмөндүү эч нерсе табылбаса деле “балким, минтип жүргөндүр” деп жаман ойлой берүүнү токтотуңуз. Күнөөнү андан эмес, өзүңүздөн издеңиз.

11-эреже: Обу жок, маанисиз сөздөрдү сүйлөп башын оорутпаңыз. Мисалы, «Канышай сонун шуба алыптыр, бирок тумагы жарашпай калыптыр» деген сыяктуу сөздөр аны эч кызыктырбайт. Ал билген, кызыккан нерсе тууралуу маектешсеңиз, туура кылган болосуз.

12-эреже: Сапаттуу кийимдерди жана косметикалык каражаттарды алып колдонууга аракет кылыңыз. Ар убак боёнуп, жаш көрүнүүнүн, чырайлуулукту жоготпоонун сырларын издеп таап колдонууга аракет кылыңыз.

Булак: «Леди.kg» гезити.