Ленин чокусунда каза тапкан орус туристи Россия ИИМ генерал-майору болгон

Автор -

Чоң-Алайдагы Ленин чокусунда каза тапкан орус туристи Россиянын Ички иштер министрлигинин келишим-укуктук департаментинин жетекчисинин орун басары, генерал-майор Иван Сергеевич Иванов болуп чыкты. Бул тууралуу «Апрель.тв» орусиялык басылмаларга шилтеме берип жазып чыкты.

Мекемеден билдиришкендей, генерал альпинизмге кызыкчу.

[ads-quote-center cite=’деп билдиришкен кесиптештери.’] «Бул эмгек өргүүсүндө Кыргызстандагы Ленин чокусун багындырууга жөнөгөн. Кырсык ал чокудан түшүп келе жатканда болгон»[/ads-quote-center]

45 жаштагы орус жаранынын Кыргызстан тоолорунда жоголгону тууралуу маалымат июль айынын аягында белгилүү болгон. Ал 27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп келатып,  саат 18:40та акыркы жолу чалган. Ошону менен байланышка чыккан эмес. Аны издөөгө куткаруучулар жана «Кыргызстан Валор Эйр» авиакомпаниясынын тик учагы тартылган. 4-август күнү саат 12:05те 6259 метр бийиктиктен сөөгү табылып, 5-август күнү түнкү саат 01:00де маркумдун денесин лагерге алып түшүшкөн.

Ленин чокусунда жоголгон Орусиянын жаранынын сөөгү табылды