Курсан Асановдун айдоочусу эки айга камалды

Автор -

Бишкектин Биринчи Май райондук соту ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун айдоочу-жан сакчысы Дамирбек Пайзылла уулунун баш коргоо чарасын тандады. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги жазып чыкты.

Соттун токтому менен аны 23-октябрга чейин камакта калтырышат.

Дамирбек Пайзылла уулу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы мыйзамсыз иштерге байланыштуу суракка чакырылган.

Эске салсак, 13-августта премьер-министрдин буйрутмасы менен ички иштер министрлигинин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулган. ИИМдин ички иликтөө кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Алмазбек Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн, ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асанов бошотулган.