Сентябрь айынын башында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Автор -
281

Кыргызгидромет борбору 2-3-сентябрларда туруксуз аба ырайы күтүлөт деп билдирди. Маалыматка ылайык, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы төмөндөйт:

Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 11…16°, күндүз 19…24°, тоо этектеринде түнкүсүн 5…10°, күндүз 13…18°,

Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 17…22°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 23…28°, тоо этектеринде түнкүсүн 9…14°, күндүз 19…24°,

Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14° жылуу,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 3…8° жылуу болушу күтүлөт.