Түркияда «Биздин замандын баалуулуктары» аталыштагы иш-чара өттү.

Чыңгыз Айтматовго арналган иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов катышкан.

Ал Айтматовдун чыгармачылыгы жана адамдык бейнеси тууралуу сөз кылды.

«Айтматов кыргыз элине эле эмес, түрк элдерине мурастарды калтырып кеткен. Өсүп келе жаткан муунга анын китебин окууну сунуштайм», — дейт Жунусов.

Иш-чара алкагында, түрк тилинде видеоролик жана  Ч.Айтматов тууралуу документалдык фильм көрсөтүлгөн.