Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев менен жолукту.
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 28 жылдыгын белгилөөнүн алдында болду.
Алтынай Өмүрбекова Мамлекеттик желектин авторлорун куттуктап, алардын Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын бекемдөөгө кошкон салымын белгиленди.
[ads-quote-center cite=’деп вице-премьер-министр белгиледи.’]«Кыргыз Республикасынын Туусу – мамлекеттин негизги белгиси. Мамлекеттик желектин өзгөчө маниси бар. Бул жөн элестүү сүрөт эмес, сыймыктуу нерсе»[/ads-quote-center]Мамлекеттик туунун авторлору Өкмөткө өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнүн алдында өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.
[ads-quote-center cite=’деп белгилешти туунун авторлору.’]«Биз Кыргызстандын желеги бийик көтөрүлгөн сайын сыймыктанабыз. Биз туунун авторлору болгондугубуз үчүн эмес, бул биздин өлкөнүн негизги символу экенине сыймыктанабыз»[/ads-quote-center]Мындан тышкары жолугушууда желектин авторлорунун көз карандысыздыкты бекемдөөгө кошкон салымын эске алып, аларга колдоо көрсөтүү маселеси дагы талкууланды.
Мамлекеттик туунун авторлоруна Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан белектер берилди.
Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Советтин токтому менен бекитилген. Авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев, Сабыр Иптаров и Маматбек Сыдыков.