6-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
339

6-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23;

Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 16…21;

Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;

6-сентябрда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы ыктымал.  Абанын түнкү төмөнкү температурасы 11…13°, күндүзгү жогорку температурасы 21…23° болот.

Буга чейин, биздин редакция бир жумага карата аба ырайы тууралуу маалымат тараткан.

Бир жумага карата аба ырайы тууралуу маалымат