Аба ырайы: жамгыр жаап, күн күркүрөйт

Автор -
597

7-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;

Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21;

Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 24…26° болот.