Каныбек Исаков Таластагы авариялык мектептин абалы менен таанышты

Автор -
220

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жумуш сапары менен Талас районуна барып, райондогу үч билим берүү мекемесинин абалы менен таанышты.

Райондогу 100 окуучуга ылайыкташкан Балбал орто мектебинде учурда 200 бала билим алып жатат. Бирок ӨКМ 2015-жылы мектеп авариялык абалда деген бүтүм чыгарган. Жаңы мектептин куруу иштери 2015-жылы башталып, пайдубалы салынган. Андан бери жумуш токтоп калган. Министр окуу жайдын курулушун жандантууну 2020-жылдын бюджетинин эсебинен ишке ашыруу планы бар экенин билдирди.

Исаков андан кийин Казак Момункулов орто мектебине барды. Билим берүү мекемесине 2018-жылы “Манас” лицей-интернаты кошулган. Интернатка быйыл дагы 50 окуучу кабыл алынып, класстык бөлмөлөр жатаканага бөлүштүрүлгөн. Учурда лицей-интернат өзүнчө жатакана корпусуна муктаж. Министр бул маселени да келерки жылдын иш планына киргизүүгө аракет кыла турганын айтты.

Жумуш сапарынын аягында Исаков Талас районундагы №18 “Нагима апа” бала бакчасы менен таанышты. Мында учурда 120 бала мектепке чейинки билим алат. Министр мектепке чейинки билим берүү мекемесиндеги жакшы иштерди көрүп, тарбиячылардын эмгегине ыраазычылык билдирди.Каныбек Исаков Таластагы авариялык мектептин абалы менен таанышты