Польша быйыл Тажикстандын 18 жаранына башпаанек берди. Бул тууралуу Польшанын Качкындар иштери боюнча башкармалыгынын жаңы жарыяланган статистикалык маалыматында айтылат.
Польша – тажик жарандары башпаанек сурап кайрылган алдыңкы беш өлкөнүн бири. 2019-жылы бул өлкөнүн 52 жараны алгачкы жолу Польшадан башпаанек сурап кайрылса, буга чейин арыз жазган 53 тажикстандыктын өтүнүчү четке кагылган.
Укук коргоо уюмдары көпчүлүгүн Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» мүчөлөрү түзгөн тажик жарандарына башпаанек берилбесе, алар мекенине экстрадицияланышы мүмкүндүгүн билдиришүүдө.
Литвада каттоодон өткөн «Eurasian Dialogue» (Евразиялык диалог) бейөкмөт уюмунун башчысы Мухаммаджон Кабиров Европа өлкөлөрүнөн башпаанек сурагандардын 80% өтүнүчү канааттандырылбай турганын белгиледи.
«Алардын көбү саясий же партиялык ишмерлер эмес, журналисттер эмес. Алар өлкөдө тыюу салынган партиянын жетекчиси менен тууган болгондугу үчүн издөөгө алынып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгондор», — деди Кабиров.
Бирок тажик бийлиги өлкөдө саясий качкындар бар экенин четке кагып келет. Өткөн жылы Тажикстандын мурдагы акыйкатчысы Зариф Ализода башпаанек сурагандардын көбү мурда Орусияда жана Украинада мигрант болуп жүргөндөр экенин айткан.
Түрдүү статисткалык маалыматтарга караганда, Польшада 400гө жакын тажикстандык, анын ичинде саясий качкындар жашайт. Башпаанек мөөнөтүн узартуу тууралуу арыздары канааттандырылбаган жарандар жогорку инстанцияга жана Европанын адам укуктары боюнча сотуна кайрылууга укуктуу.