Алардын айтымында, аткезчилик жолу менен келип жаткан дыйкан чарба продукциялары ишкерлерге жана өлкөнүн рыногуна терс таасирин тийгизип жатат.
Ишкер Тилек Токтогазиевдин айтымында, акыркы эки-үч жылдан бери күнөскана ишин өнүктүрүү мамлекет тарабынан да колго алынып, жеңилдиктер сунушталып келет. Мисалы, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан пайызы аз насыялар берилип жатат. Бирок, аткезчилик терс таасирин тийгизип, күнөскана ишкерлеринин ишмердүүлүгүн бууп коюда.
«Кытай жана башка өлкөлөр 100 гектарлаган талааларга дыйкан чарба продукцияларын айдагандыктан, биз аларга тең келе албайбыз жана аткезчиликти токтото албасак, импортко көз каранды болуп калабыз», — деп ал тегерек столдо ой бөлүштү.
Расмий эмес изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, 15 тонна аткезчилик жолу менен келген бадыраң рынокко чыккан. Анын 10%ы гана Чүй аймагына тиешелүү болгону менен көбүнчөсү аткезчилик жолу менен чет жерден келген. 90-170 сомдон айырма болуп кетип жатат.
«Бул маселени чечпестен биз күнөскана бизнесин өнүктүрө албайбыз», — деп билдирет ал.
Күнөсканалар ассоциациясынын президенти Сыргак Токталиевдин айтымында, жергиликтүү ишкерлер 50-100 миң доллардан ашык акча салып, күнөскана кургандары менен алардын үмүттөрүн таш капты.
«Кабакчаны өткөн жумада күнөскана ээлери 70 сомдон сатып жаткан. Азыр баасы тез ылдамдыкта 5 сомго түштү», — дейт ал.
Токталиев билдиргендей, күнөскана ээлеринин баары — Кыргызстандын жарандары. Туруштук бере албай алар эми кыйналып жатышат. Аткезчиликтен мамлекеттин бюджетине акча түшпөйт. Импортко көз каранды болуп, элдин уулануусуна алып келет. Жашыруун келип жаткандыктан, санитардык тастыктамасы жок, нормаларга жооп бербейт.
«Кандай жер-жемиштер келип жатканын биз билбейбиз. Интернеттен кандай жасалма боёктор, организмге зыяндуу заттар бар экенин көрүп эле жүрөбүз», — деп билдирди.
Ишкерлер ар бир системаны бекитип, аткезчиликке барган ишкерлерди жана ошого жол берип же колдоп жаткан бийлик өкүлдөрүн 1 млн сом айыпка жыгып же 5 жылга чейин эркинен ажыратууну сунушташты.