СССРдин эл артисти Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленет

Автор -
298

СССРдин эл артисти, композитор жана дирижёр Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-сентябрда министр Азамат Жаманкулов баштаган маданият мекемелеринин жетекчилери, кесиптештери, туугандарынын катышуусу менен Ала-Арча көрүстөнүндө маркумдун эстелигине гүл чамбар коюлуп, куран окутулат.

Мааракелик иш-чара саат 14:00дө Улуттук филармонияда уланат.

Калый Молдобасанов 1929-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Терек айылы туулган.

1946-жылы М. Күреңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын, 1954-жылы Чайковский атындагы Москва консерваториясынын улуттук бөлүмүн, 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Ал 12 жашынан эл аспаптар оркестрине катышып, анын жетекчиси Петр Шубинден таалим алган. 1954-1972-жылдары Кыргыз опера жана балет театрында дирижёр, башкы дирижёр болуп эмгектенген.

1973-жылдан Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда композиция классы боюнча мугалим жана Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасынын орун басары, 1979- 96-жылдары анын төрагасы, ошол эле мезгилде 1983-1986-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору, 1996-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиясы опера жана балет театрынын башкы дирижёру жана көркөм жетекчиси болуп эмгектенген.

Калый Молдобасанов 2006- жылы 77 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.