Saat.kg’ге Кыргызпатенттен айтып беришкендей, долбоор 19-майда өтө турчу “Интеллектуалдык жана инновациялык ресурстар – 2016” көргөзмөсүндө көрсөтүлөт.
Иш-чара коомчулуктун көңүлүн өлкөнүн инновациялык мүмкүнчүлүктөрүнө бурууну, өсүп келаткан муундун ойлоп табуучулукка кызыкчылыгын козгоо максатында уюштурулууда.
Көргөзмө роботтордун флешмобу менен башталат. Кыргызпатент билдиргендей, иш-чара кыргыз ойлоп табуучуларынын потенциалын көргөзүү жана ишкерлер менен жолуктуруу үчүн өтөт.
Көргөзмө төмөнкү тематикалык бөлүмдөр боюнча өткөрүлөт:
— Ойлоп табуучулук;
— Өнөр жай;
— Айыл чарба;
— Балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылыгы;
— Кол өнөрчүлүк.