Бирикменин мүчөсү Расул Үмбөталиевдин айтымында, кечээ аны УКМКга түнкү саат 23:00дө сурака чакырган.

Алар бүгүн 10:00дө өткөрүүнү пландашкан. Бирок бир саат кечигип келишти. Үмбөталиевдин билдирүүсү боюнча, эртең менен дагы суракка чакырышкан.

Мындан тышкары, ал бирикменин артында эч ким турбай турганын жана «Элдик парламенттин» ишин улантышаарын айтты.

Алар президенттин отставкасын жана камакка алынган бирикменин өкүлдөрүн чыграуу талабы менен чыгышмак.

Белгилей кетсек, кыймылдын лидери Бекболот Талгарбеков жана мүчөлөрү Төрөбай Колубаевду жана Марат Султанов менен бирге «бийликти күч менен басып алууга аракет кылды» деп шектелип, камакка алынган.

Алар буга чейин бирикме түзүп, 50 миң адамдын катышуусунда митинг өткөрө турганын билдиришкен.

Ошондой эле кечээ басма сөз жыйында Расул Үмбөталиев кандай кырдаал болсо дагы 1500 адамдын катышуусунда митинг уюштура турганын билдирген.

Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg