Сокулук районунун Орок айылында жаңжал чыкты. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып, 24.kg агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 29-сентябрда үйлөнүү тоюнун аягында болгон. Жергиликтүү тургундар уруша кетип, ал мушташка айланган. Жаңжалдын жүрүшүндө эркектердин бири куралдан ок чыгарган.
[ads-quote-center cite=’деп билдирет агенттик.’]«Алдын ала маалымат боюнча ок атуудан бир киши жабыркады. Бул факт Ленин РИИБинде каттоого алынды»[/ads-quote-center]Чүй облустук милициясы азырынча бул тууралуу маалымат тарата элек.