Машыктыруучунун 563 миң сомду өзүнө ыйгарып алганы экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан жүргүзүлгөн оперативдик тинтүү учурунда ачыкка чыккан.

Аталган суммадагы акча каражаты курама команданын кем-карчын толуктоо максатында мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн болчу.

Каржы полициясы тарабынан кылмыш жана жаза кодексинин 221 жана 171 беренелери менен кылмыш иш козголгонун ЭККМКнын басма сөз кызматы билдирди.