5-октябрда Баткен облусунун кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу райондоруна кар түшөт. Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;
Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;
Нарын дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 21…23 градус болот.