Таксилерде жүргүнчүлөргө өбүшүүгө, тамеки чегүүгө жана ичимдик ичүүгө тыюу салынды

Автор -

Душанбедеги такси айдоочуларынын он пайызга жакыны унааларына жүргүнчүлөргө тамеки чегүүгө, ичимдик ичүүгө, катуу музыка коюуга жана сезимдерин ачык көрсөтүүгө болбой тургандыгы жазылган эскертүү баракчаларын чапташты.

[ads-quote-center cite=’ деп билдирди эки жылдан бери такси айдаган Мухаммад аттуу жаран.’]»Мен мындай кагаздарды биринчилерден болуп чаптадым. Бир жолу унаама отурган жашы өтүп калган киши менен 15-16 жаштагы кыз кучакташып, өбүшө баштаган. Мен аларга эки жолу эскертүү бердим. Бирок алар укпай койгондон кийин түшүрүп салгам. Жүргүнчүлөр өбүшүп, арткы орундукка жатып алган учурлары да болгон»[/ads-quote-center]

Бир нече жыл мурда Искусство институтунун ректору Аслиддин Низамов өлкөдө адеп-ахлак полициясын түзүү зарылдыгы жаралганын билдирген. Ректордун айтымында, полиция коомдук жайларда маданияттын сакталышын көзөмөлдөшү керек.

Тажикстан светтик өлкө, бирок калкынын 98 пайызы ислам динин тутат.