9-октябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;
Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;
Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 20…22° болот.