Кечээ Стамбулда (Түркия) жасалма кыргыз паспорттору менен 98 Кытай жараны кармалды. Маалымат каражаттары билдиргендей, алар уйгур улутундагы адамдар.

Кабар дароо депутаттардын көзүнө илинди. Жогорку Кеңештин отурумунда Алмамбет Шыкмаматов (“Ата Мекен”) окуяны чоң кырсыкка теңеди.

“Бул эл аралык кылмыш синдикаты болуп баратат. Мурун 1-2 жасалма паспорт табылса, азыр 98 кишини кармашты. Эми баардык жарандарыбызды жасалма паспорт менен жүрөт деп шектене беришет”, — деди ал.

Кенжебек Бокоев (“Республика-Ата Журт”) болсо паспорттордун жасалышын 2015-жылы эле талкуулашканын белгиледи.

“Грузиялык кримтөбөлдөр, качып жүргөн казак олигархы кыргыз паспорту менен жүргөнү аныкталган. 2015-жылы эле ИИМ башчысы 6 миңдей паспорт жасалма ПИН-коддор менен берилгенин айткан. Окуяны өзүнчө иликтеш керек болчу, бирок андай болгон жок. Биз ошондо токтом кабыл алганбыз. Азыр анын аткарылышын текшериш керек”, — деп билдирди депутат.

Добуш берип, Жогорку Кеңеш бул маселени кийинки жумада карай турган болду.