Каттоо 11-майда жыйынтыкталган эле. Бирок, жетишпей калгандар кайрылып, узартууну суранды.

Муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешев журналисттерге айтып бергендей, быйылтан тартып онлайн каттоо киргизилди. Бул паракорчулукка жол бербөө үчүн уюштурулду.

Ажылык сапардын баасы 2016-жылы 50 долларга кымбаттап, $2600 түзүп калды.

11-майга карата 4 миң 623 киши катталган. Сауд Арабиясы Кыргызстанга 3 миң 685 квота бөлүп берген. Орундар чүчү кулак аркылуу бөлүштүрүлөт.