Жазуучуга арналган комплексти толугу менен анын 100 жылдык мааракесине карата куруп бүтүү пландаштырылууда. Учурда 20 млн сом табылып, кошумча демөөрчүлөр изделип жатат.
Айтматовго арналган мемориалдык комплекс анын туулуп өскөн айылы Шекер айылында курулат. 2028-жылы салтанаттуу ачылышы өтөт.
Бул тууралуу ЖК депутаты Рыскелди Момбеков мектеп окуучулары менен жолугушууда айтып берди. Анын айтымында, курулуш иштери жерди трансформациялагандан кийин башталат.