Алтынбек Муралиев өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүн жетектеп турганда чет элдик уюмдарга кызматтык сыр деп эсептелген маалыматтарды чогултуп берген деп айыпталды.

K-News’ка Амангелди Муралиев өзү айтып бергендей, прокурорлор уулун 22 жылга отургузууну сурашкан. Бирок Биринчи май райондук соту 12 жылга кесүү өкүмүн чыгарды.