Теракт жасаганга аракет кылганы үчүн издөөдө жүргөн ЭТУ мүчөсү кармалды

Автор -

Кыргызстанда террористтик акт жасоого аракет кылганы үчүн издөөдө жүргөн киши кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

2019-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарында контртеррористтик иш-чаралардын жүрүшүндө, КР УКМК кызматкерлери тарабынан эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү, 39 жаштагы кыргыз жараны М.А. кармалды.

Кармалган адам Кыргызстандын аймагында террористтик акт жасоого аракет кылган ЭТУ мүчөсү болгон. 2011-жылдын октябрь айында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө Ош областында ЭТУ башчысы УКМК атайын күч кызматы тарабынан жок кылынып жана топтун башка мүчөлөрү кармалып, ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылышкан. Бирок М.А. качып кетүүгө үлгүргөн. Ошол боюнча 8 жылдан бери таптырбай жүргөн.

2019-жылдын 19-октябрында М.А. карата Ош соту тарбынан КР УКМК Ош жана Ош облустук башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына 2 айга чейинки камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралды.

Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.