1916-жылдын 3-сентябрында Г. И. Бройдонун Ташкент шаарынын Сот Палатасынын тергөөчүсүнө берген далилдеринен 1916-жылкы кыргыздардын көтөрүлүшү жөнүндө берген материалдарынан үзүндү…
… 1916-жыл, 14-август. Пишпекке келаткан жолдо автомобиль тыгылып калат. Аны тартып чыгаргыча кызыгып караган кыргыздардын бир тобу чогулуп калат. Беловодскийден пристав Грибановский 138 кыргызды камакка алат да, кагаз жазып, бир нече аскер менен уез башкармасына айдатып жиберет. Буга чейин Пишпек шаарынын приставы Т. деген оез бар болчу (мурдагы маркер, бул кызматка ген. Фольбаум койгон), ошол күнү Путинцев башчылыкка дайындалган.
Сырттан бирөө кирип, Беловодскиден камалган 35 кыргыз алып келинди деп билдиргенде Путинцевдин кабинетинде инженерлер Васильев менен Нефедов олтурушкан. Кагазды окуп бүтүп, Путинцев 138 киши жиберилиптир, калганы кайда деди. Камалгандарды Сокулук менен Чалаказактын жолунда тепкилеп салышыптыр, аман калганы 35 киши экен. Аларды бир жерге жайгаштыра тургула деген буйрук алып келген киши чыгып кетти. Ошол күнү кечки саат 10-11 ченде алиги кыргыздарды чиркөө аянтына алып келишип, жаткыла деген буйрук беришет да, ок коротуп өлтүрбөө үчүн городовойлор менен жасоолдор ары жактагы бактын ичинен угулуп турган музыканын алдында баарын мылтыктын канжары менен бышып өлтүрүшөт (күбөлөр Цертович жана инж. Нефедов).
Тикмечи Штеинфель мага айтты: «Мен дружинник катары күзөттө элем, городовой келип: «байке, эч ким быякка кирчү болбосун, азыр кыргыздардын ишин бүтүрөбүз» деди. Дагы алынып келчүлөрдү шаардын сыртынан тосуп алып, ишин ошол жактан бүтүргүлө, эч кандай ызы-чуу чыкпасын» деп буйруду.
Чиркөө аянтынан өлүктөр талаага ташып чыгарылып, топурак алып жүрбөй, аңга ташталды (али жаны бар кишилер да бар экен). Күзөттө турган солдат приставдын жардамчысы Рубинштейнге айтканына караганда, оёздун башкармасында кыргыздарды сабашыптыр, бир нечесин өлтүрүшүптүр. Калгандарын аянтка алып барып эс алдыргыла дептир пристав, жарым сааттан кийин аянтка келип, «эс алыштыбы?» деп сурап, анда өлүктөрүн алып кеткиле дептир. Арыктын суусун бурушуп, канды жууп салышыптыр.
Бул жөнүндө аскер башчы эч кимдин оозунан чыкпасын деп буйруду, анткени алар качууга аракет кылды деген шылтоону да ойлоп табууга туура келмек. 14-августта Беловодскиден камалгандарды бошотуп бергиле деген өтүнүч менен жөө-жаландаган кыргыздар келишти. Базарда сонуркап чогулгандар да көп эле. 600дөн ашуун кыргыздар чогулушту. Аларды курчоого алышып, болуш башкармасынын короосуна киргизишти.
Алардын баары бир да ок коротулбастан таяк, балта, айрылар менен талкаланды. Чала жан адамдар жүктөлгөн арабалар өлүктөрдүн үстүнөн тебелеп кетип баратты. Ошол эле күнү жасоолдор жакын арадагы болуштарга ат коюшуп, тыптыйпыл талап алышып, үйдө калган кыргыздарды бүт кырып салышты. Ага Грибановский деген пристав катышкан. Бирок кыргыздарды сабаганга, анын айтуусу боюнча, катышпаптыр.
Кыргыздарды сабаган кишилер белгилүү, ошондой зле Полтавский деген мещаниндин Пишпекте кыргыздарды өлтүрүүгө катышканы да белгилүү. Ал Цертовичке мындай дептир: «Кыргыздарды саям деп жаңы айрымды сындырып алганымды кантейин, эски айрымды алсам болмок экен». Камалган кыргыздарды коштоп жүргөн городовойлордун аты-жөнүн аныктоо да кыйын эмес.